Датасы: 05.10.2021
Формат: mp3

Алыстап каректен каараның
Адашып жол таппай барамын
Арманга байланган жүрөктү
Таба албай кыйналдым айласын

Түбүндү тушаган саананын
Кечемин түйшүктүн аралын
Бир баскан бактылуу күндөрдү
Кантейин сагынып барамын

Кайырма;

Сагындым жаным өзүңдү ойлоп
Жүрөкө толгон сезимди козгоп
Сагындым жаным сүрөтүң карап
Жоготкум келбей сактаган бойдон

Айыккыс жүрөктүн жарасын
Азапка салды көз карашың
Байланган биздеги сезимди
Билбедим бош болуп каларың

Бактылуу күндөрдүн барагын
Кайрылып өткөндү карадым
Кайчылаш өткөргөн жолдорду
Бир күнү издеп табамын

Один комментарий к “Кеңеш тобу — Сагынычым тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *