Датасы: 10.10.2020
Формат: mp3

Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөгүм толуп-ташып кусалыкка.
Сен жоксуң, мени таштап кеткен белең,
Эч ким билбес балалыктын асманына.
Балалыгым, балалыгым,
Сени издеп таба аламбы?
Сен жоксуң мени таштап кеткен белең,
Эч ким билбес балалыктын асманына.
Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөгүм дегдеп турчу сени гана.
Сени издейм, мени таштап кеткен белең,
Эч ким туйбас балалыктын жомогуна.
Балалыгым, балалыгым,
Сени издеп таба аламбы?
Сен жоксуң, мени таштап кеткен белең,
Эч ким туйбас балалыктын жомогуна.
Балалыгым, айланайын, келдим сага,
Жүрөмүн сени эстеп сагынычта.
Кездешүү эми болбойт жашообузда,
Суранамын, кайрылып кел балдарыма.
Балалыгым, балалыгым,
Сени эстеп сагынармын.
Кездешүү эми болбойт жашообузда,
Суранамын, кайрылып кел балдарыма.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *