Датасы: 23.09.2022
Формат: mp3

Көктөгү турналарды
Эрчи чуркап
Көктөмдө жарышчуу элек
Сен экөөбүз
Ошол жаз ошол көктөм
Кучагымда
Сүйүүгө мелт-калт толгон
Жүрөгүбүз

Мен азыр алыс сапар жүргөн турам
Азабы бөлүнүнүн жанды кыйнайт
Кайрадан жолугушуу
Тагдыр бар деп
Кош деймин тун сүйүүмө
Колум булгап

Канткенде унута алам узатканда
Көзүмдөн жаш мончоктоп төгүлгөнүн
Вокзалда калып калдым
Жалгыз сырап
Адашып түгөйүмдөн
Көгүчкөнүм

Ашыкса алды жакка
Дөңгөлөктөй
Мен сен деп арты карай тегеренем
Күт жаным сенин бүтпөс таалайыңа
Жаздагы турналардай
Кайтып келем


Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *