Датасы: 23.10.2020
Формат: mp3

Өткөн өмүр өкүнтөт, пайда барбы,
Өкүнгөндө же табар пайда барбы?
Күлкү менен, шаң менен таңды атырган,
Күлгүн жаш, ай, күлгүн жаш,
Жалын жаш, ай, жалын жаш, кайда калды?
Кайда калды?
Жылаңайлак суу кечкен сайда калды,
Жылгалардан гүл терген жайда калды.
Ишке тойбой, ыр менен күн батырган,
Жалын жаш, ай, жалын жаш,
Жалын жаш, ай, жалын жаш,
Кайда калды, кайда калды?
Ташты эритер сендеги чоктун деми,
Кайсы топко алпарып коштуң мени?
Айрылгым жок, айлам жок, аргам да жок,
Кош бол, менин жаштыгым,
Кош бол, менин жаштыгым.
Кош бол эми, кош бол эми…

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *