— Жалгыз барасыңбы? — дейт аялы, — Тиги кошунаңды жардамга чакырбайсыңбы? Ага дайым эле жардам берип жүрөсүң го. Илгери бир адамдын пили болуптур. Пил абдан акылдуу да, күчтүү да экен. Күндөрдүн биринде адам кышкы отунун камдоо үчүн пилин минип, токойго жөнөмөк болот.

— Туура айтасың. — дейт да, кошунасын жардамга чакырат.

Кошунасы макул болот.

— Сен алдыга жөнөй бер, мен артыңдан барам,- дейт кошунасы.

Тиги адам азыктан мол алып, отуну көп алыскы токойго барат. Кошунасын көпкө күтөт. Дайыны жок. Ал кошунасы алдаганын ойлойт, ыза болот. Ага бекер ишенгенине өкүнөт. Болбосо, жакын эле жерге барат эле да.

Токойдо чычкан көп экен. Пилдин корккону эле чычкан. Күнү-түнү ошондон коркот. А адам болсо эч нерседен камырабай, керээлден-кечке отун алат. Кечинде эс алат.

— Бул жерден качан кетебиз? — деп пил бир күнү ээсинен сурайт.

— Кетебиз, шашпа. Үй алыс,- деди адам пилге. – Отунду болсо көп алдым. Эми үйгө акырындык менен ташый баштайбыз. Сен коркпо, мен сени көп кыйнабайм.

— Отунуңду көп эле ала бергин, — деди пил. — Мен отун ташыгандан коркпойм, бир жыгач калтырбай ташып берем. Мен чычкандан гана корком. Алар бул жерде абдан көп экен.

— Сен өзүң тоодой болуп туруп, бармактай чычкандан коркконуңа жол болсун,- деп күлдү ээси.

— Ошо бармактай болгону үчүн корком,- деди пил. — Кулагыма кирип кетсе, чыкпай азапты берет.

Адам күлдү. Ага пил баарынан күчтүүдөй, ал эч нерседен коркпочудай көрүнбөдү беле. Анын бул сөзү жөн эле күлкү келерликтей туюлду. Ошон үчүн күлдү. А пил болсо адамды дүйнөдө баарыдан күчтүү, эч нерседен коркпой турганын сезип турду. Анан мындай деди:

— Сен, адам, баарынан күчтүүсүң, эч нерседен коркпойсуң. Туурабы?

— Жок, жаңыласың,- деди адам. Анан ал ойлонуп туруп, мындай деди,- мен адамга жакшылык иш жасабаган зөөкүр, убадага турбаган жалганчы адамдардан корком. Алар эң эле коркунучтуу болушат.

Пил муну угуп, унчукпай ойлонду. Адамдар бири-биринен корккоруна таң калды. «Кантип эле?» — деп ишенбеди. Адамдарды ал да өзүлөрүндөй – бири-бирин кыйбас жандар деп сезбеди беле.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)52
Алия менен жылкы42
Карышкыр менен эчки42
Акылдуу кыз жомок34
Кыска жана күлкүлүү жомоктор33
Карышкыр жана жети улак25
Акылдуу балдар24
Көмөч нан (колобок) жомок22
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *