Кимиси акылдуу?

Илгери өткөн заманда бир кемпир-чал болуптур. Алардын өлүм саркытынан калган жалгыз баласы, анан баласынын кара кер бээси бар экен. Жыл сайын кербенчилерге кошулуп, алыс-алыс жактарга жол жүрүү балага адат болуп калыптыр. Жазында кетсе, күзүндө кийим-кечек, кеңири тамак-аш жана койну толгон акча менен келүүчү экен. Ата-энеси буга аябай кубанчу дешет.

Бир жолу бала кербендер менен жазында кетип, жайдын толугунда үйүнө келет. Мындай эрте келип калганына ата-энеси аябай таң калышат. Атасы:

– Балам, сен эмне эрте келдиң? – дейт.

– Мен өзүмө тиешелүү акчаны иштеп таап, ошондуктан эрте келдим, – дейт.

Күзүндө кемпир-чалдын үйүнө кара кер бээ минген бир бала келет. Эки бала, кара кер бээси, кийген кийимдери окшош. Атасы менен энеси кайсынысы өзүнүн баласы экенин тааный албай, баштары маң. Алачыкта эки бала бирдеме талашып уруша кетишет. Бара-бара кол коюшат.

Эки бала:

– Кемпир-чал менин ата-энем, сен жогол, сен жогол! – дешет. Ата-эненин баштары маң. Аябай капа болушат. Айла-амалдары түгөнүп, ханга арызданып барууга аргасыз болушат. Жалынып-жалбарып болгон окуяны түшүндүрүшөт. Жакшылап чечип берүүнү өтүнүшөт.

– Силер жөнүндө кам көрүп, астыңарга аш, үстүңөргө кийим, койну толгон акча алып келгени силердики, – дейт.

Кемпир-чал буга ыраазы болбой, үйдү көздөй бет алышып, зарланып ыйлай беришет.

Мындан кантип кутулабыз дешет.

Экөө жолдо келатып ойноп жүргөн балдарга жолугат. Баштарына түшкөн кыйынчылыктарын айтып, аларга түшүндүрүшөт. Ошол балдардын эң кичинекейи:

– Ээ шумдук, өзү хан болуп туруп ушуну чече албаган эмнеси. Мунун эч кандай кыйынчылыгы жок, мен чечип берем, – деп тың сүйлөйт.

Кичине бала эки окшош баланы чакырып мындай дейт:

– Экөөң тең тетиги дөңсөгө барып, кайра чуркап келгиле.

Экөө жарышып барып, жарышып келишет. Эки окшош кара кер бээни минип, дөңсөгө чейин чаап барып, чаап келишет. Экөө бир эле убакта келишет. Дагы чыр-чатак көбөйөт. Бири-бирин: «Кеткин менин ата-энем» – деп, баягыдай урушун уланта беришет.

Кичине бала:

– Эми экөөң тең ылдамдык менен кумура жасагыла, – дейт.

Айтуусу боюнча экөө тең ылдамдык менен кумураны жасап бүтүрүшөт.

– Эгерде чын эле абышка-кемпирдин баласы болсоңор, өзүңөр жасаган кумурага өзүңөр түшкүлө, – дейт кичинекей бала.

Биринчи бала бул сөздү угар замат кумуранын ичине бат эле түшүп кетет. Жазда кетип, күздө келип, ата-энесин баккан бала кумурага батпай калат. Өзү эмес, анын колу дагы батпай калат.

Кичине бала болсо бала кирип кеткен кумураны жерге бардык күчү менен көмкөрө салат да:

– Бул кумурада көз боочу шайтан отурат. Болбосо ушул кумурага кантип батмак эле, – дейт.

Ушул сөздөрдү айтып туруп, кичине бала баягы жин-шайтан кирген кумураны өрттөп жиберет.

Кемпир-чал кичине баланын акылдуулугуна ыраазы болуп, ак батасын беришет. Өз баласы менен кемпир-чал үйүнө келишет. Кичине баланын амал-айла кылганы элге, ханга угулат. Хан жини аябай келип, кичинекей баланы көргөнү атайлап келип:

– Мындай балага айланса болот, – деп ыраазы болуп бастырып кетиптир.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алданган карышкыр жомок235
Таранчы менен түлкү204
Акылдуу дыйкан199
Ырыс алды — ынтымак193
Акыл карачач179
Ууру үкү134
Муз чолпу107
Сыйкыр сөз94
Көмөч нан (колобок) жомок86
Чоң кумурска менен кичинекей кумурска76

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.