Китептин душманы 2

Ким китепти кирдетсе,
Китеп баркын билбесе,
Жулуп алып барагын,
Орой салса бир нерсе
Ал ‒ китептин душманы.
Ким китепти сүйбөсө,
Кадырына күйбөсө,
Чылым ороп, шарт айрып,
Калжың-кулжуң сүйлөсө,
Ал ‒ китептин душманы.
Ким китепти кордосо,
Ырайымы болбосо,
Сүрөттөрүн уурдаса,
Уурдап көнгөн колдорчо,
Ал ‒ китептин душманы.
‒ Бардыгынан ким жаман?
‒ Китеп жырткан шум жаман.
Китепти сүйгөн балдардан,
Наалат алсын ал адам.
Ал ‒ китептин душманы.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)50
Акылдуу кыз жомок19
Жетим менен сыйкырчы жомок18
Суйуу жөнүндө жомок14
Алия менен жылкы13
МАНСАПКОР КҮЧҮК10
Акыл карачач9
АПЕНДИ ЖАНА ЭШЕК6
Жарык жол5
Казан куйрук (казак эл жомогу)5

Китептин душманы: 29 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *