Датасы: 29.10.2020
Формат: mp3

Өзүм үчүн сен жаралып ааламга,
Мен бар болсом сен жашайсың санаамда.
Ортобузду бөлүп турган аралык,
Жолукпадым сендей асыл адамга.
Кайырма:
Мейли мени эстебе,
Мейли кайрылып келбе,
Сага деген сезимдерим эскирбейт.
Мейли өмүрүм өтсө,
Мейли көңүлүм чөксө,
Бирде гүлдөп,
Бирде кайра кар басып.
Мейли күндөр өтүп,
Жылга алмашсын.
Мен жаңылсам жаңылармын өмүрдөн,
Өтсүн күндөр кайгы-муңга көмүлгөн.
Өтсүн мейли, кайтпайм бирок артыма,
Мен жаңылып сени сүйгөн көңүлдөн.
Кайырма:
Таң каларсың кантип болсун ушундай,
Мүмкүн, менин сөздөрүмө кошулбай.
Миң тамырым миң бөлүнүп кетсе да,
Сени сүйгөн дүйнөм турар бузулбай.
Кайырма:

Один комментарий к “Назира Токонова — Мейли эстебе тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *