Көгүчкөн уя салганды билчү эмес экен, чыйырчыктан үйрөнгөнү барыптыр. Чыйырчык уя салган жагынан чоң уста экен. Көгүчкөн келген убакта чыйырчык кооз уясын жаңы эле салып баштаптыр.
Адегенде көгүчкөн чыйырчыктын ишине абыдан кунт коёт, бирок уянын негизги калыбы жасалып, жээктери эми гана көтөрүлө баштаганы – көгүчкөндү зериктирип жиберет. Эми үйрөнө турган деле нерсеси калбады деген ой келет да, кыйкырып баштайт:
– Мен билдим! Билдим!
Канат кагат да, учуп кетет. Ыракмат деп да айтпайт.
Эртеси көгүчкөн уяны өзү курмай болот. Уянын алкагын жасайт, а андан ары не кылышты билбейт. Ошондо гана көгүчкөн чыйырчыкка кайра учуп жетип, сурап баштайт. Уя курууну кайра көрсөтчү дейт. Чыйырчык жооп кылат:
– Мен билем деп мактанып атпадың беле, билсең жасабайсыңбы.
Ошол күндөн ушул күнгө дейре көгүчкөндүн уясы бүтө элек дешет. Бүтө элек болсо да көгүчкөн бирок мактанганын койбойт имиш:
– Билем! Билем!
Чын-чынында билбейт деле экен!