КОЙ МЕНЕН КАРЫШКЫР

Достор менен бөлүш
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
8

Бир кезде карышкыр жаныбарлардын эң күч-кубаттуусу болуптур. Ага эч кимдин алы жетпептир. Бир жылдары карышкыр укмуштуудай күчөп, жаныбарларды опсуз кырып жиберет. Ошондо айбанаттардын Кудайга үнү жетип, арызданышат.

Жараткан карышкырдын күчүн азайтканы аз келгенсип, мойнун да бурулууга ийкемсиз кылып салат. Ошентсе да ал ашынган жырткыч, опсуз соргок бойдон калат. Катуу жабыркаган жаныбарлар бир күнү чогулуп, жазаламай болушуп, күчү азайтылып, мойну араң бурулган аны арстанга карматып келишип, сот алдына коюшат.

Баардыгы бул жырткычтын өлүм жазасына тартылышын талап кылышат, бирок абдан таң калычтуу жагдай жаралат, көрсө бул өкүмгө кой каршы экен.

— Бул өтө эле катуу жаза! — деп кой маарап коё берет.

Бул каршылык карышкырды өлүмдөн алып калат, анткени ал кезде өлүм жазасына бир эле жаныбар каршы чыкса, аткарылбайт деген жобо бар экен. Ошентип карышкырдын жазасын жумшартууга туура келип, аны айбанаттардын катарынан чыгарып, кимдир бирөө менен дос болуусуна тыюу салынат.

Ушундай жол менен ажалдан калган карышкыр жалгыз кетип баратып артын караса, кой ээрчип келатат дейт. Карышкыр койду күтүп туруп, жанына келгенде ажалдан алып калган жакшылыгы үчүн ыраазычылыгын билдирет. Андан ары экөө чогуу жол улашат.

Кой жол боюндагы чөптөрдү аймап жүрүп отурат. Карышкырдын ачкачылыктан шайы кетип, эки жактан азык издейт. Ал тургай өзөгү ачышканда чөп-чарларды да жеп көрөт. Бирок этке көнгөн карды кайдан чөпкө тойсун. Акыры ал аргасы кеткенде койду басып жыгылып жегени калат.

— Мен сени өлүмдөн алып калдым эле го! Бул эмнең? – дейт кой.

— Анткени мен карышкыр, сен койсуң! – деп кашаба койду алкымдан алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.