Көрчү, көрчү, көңүл бурчу, карачы
Көрккө келген колхозумдун талаасы.
Көз кайкытып көңүлүмдү шат кылат,
Көркөмү артык Ысык-Көлдүн калаасы

Көзүң тоет берекеге кубанып,
Кызыл жатат кырман толо кырдалып.
Кызыл обоз катар жөнөп күнүгө,
Жөнөтүлөт шаңдуу ырлар ырдалып.

Орноп колхоз Ысык-Көлдун боюна,
Эмгек кайнап шаттык баткан койнуна.
Таң-тамаша такыр кеткис ырыскы,
Толгон тура тоосу менен оюна.

Эл өзү иштейт өзү кайра таң калат.
Берекелүү эмгегине шаңданат.
Айтып бүткүс агып жаткан ырыскы,
Кандай акын ырга кошпой тура алат.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *