Эрте-кеч көруп көлүмдү
Кубантып турам көңүлдү
Толкундайт неге жүрөгүм,
Чынында көлүмдөй сүйөм өзүңдү

Ташыса көлүм көбүрүп,
Көбүктөп күмүш бөлүнүп.
Көкөлөйт эргип көңүлүм,
Билдиңби,
Турасың ак куу көрүнүп.

Тартылып сүйкүм көзүмө,
Сезилип жакын өзүмө,
Жүрөктө сенсиң бир гана,
О жаным,
Түшүнсөң менин сөзүмө.

Көрбөсөм көлүм көгүлтүр,
Жактырып көңүл көнүптүр
Теңедим көлдө ак кууга,
Чынында,
Көңүлүм сени сүйүптүр.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *