КОҢУР КҮЗ

Буркурап согуп күзгү жел,
Буудайдын башын жайкаган.
Тамаша, эмгек, береке,
Талаанын бети жайнаган.
Балкыган ысык жай менен
Балапан өсүп жетилди.
Энеси менен кошо оттоп,
Ээлигип кулун секирди.
Бупбуурул тартып Ала-Тоо,
Булутка башы сайылган.
Сапсары болгон жалбырак
Самсаалап түшөт кайыңдан.
Коюнга батпай береке,
Коңур күз артык баарынан.
Алып келдиң, коңур күз,
Айлыма эмгек жыргалын.
Ала-Тоодой заңкайып,
Кызылга толду кырманым.