Көптү көргөн сыйкырчы

Илгери заманда көп жашап, көптү көргөн сыйкырчы болот. Аны бир күнү кан чакыртат. Кан өзү турмушунда кыйынчылык эмне экенин көрбөптүр, ал ошонүчүн зулум экен.

Мына шонтип сыйкырчы кан алдына келет. Кан айтат:

– Сени укмуштуу сыйкырчы деп угамын, андай болсо, өнөрүңдү көргөзчү!

– Эмнени көргүң келет болду экен, каным?

– Не болсо да көрсөтчү! – тынчсыздана жооп кылат кан.

– Болуптур. Кесеге ысык чайдан куюп алдыма кой да, өзүң сыртка чыгып кет.

Сыйкырчынын айтканын кылат. Сыртка чыгат. Чыксале, капкара күлүк ат турат. Канга жагып калат, шап минет үстүнө. Чапкысы келет. Чаап жөнөп, кете берет, кете берет. Окус бир жерден күлүк ат үстүндөгүнү көтөрүп жыгып дыр коёт. Кан ээн талаада жалгыз калат. Аргасыздан көлчүктөн суу ичип, курт-кумурска, чегиртке терип жеген күн түшөт башына. Ачарчылыктан күч-кубаты кетип, олбу-солбу темселеп калат. Айланага көз чаптырган кан көзүнө илингенди жесем дейт, эч нерсе таппай, куу талааны каргап-шилейт.

Бир мерте алдынан арып-ачып илмейген кичинекей эки наристе жетелеген кемпир жолугат. Кемпирдин датын укса, бечаранын болгон ырыскысын кандын алык-салыкчылары шыпырып алып, минтип балдары ач калыптыр. Кан да кемпир менен бирге жашап калат. Жаз келгенде эки наристенин бири оорудан көз жумат. Кандын ага абыдан жаны ачыйт. Өксүп ыйлайт, ташка көчүк коюп отуруп калат.

Таш үстүндө канча ыйлап отурганы белгисиз, арийне сооронат да тиягын, биягын каранса, өзүнүн эле кан тагында отурат. Атургай алдындагы чайы дале сууй элек экен.

– И-йе, каным, кара таман калк жашоосун көрдүңбү? Кандай экен? Сенин зулумдугуңду тарткан калк жашоосуна күбө болдуңбу?! – дейт көптү көргөн сыйкырчы.

Дейт да, дароо көздөн кайым болот.

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.