Ойнотуп бизди жетелеп,
Оорутпай бактың бөпөлөп.
Калкалайт мээрим жамалың,
Карызбыз сизге эселеп.
Үмүттүн отун жандырган,
Үй ичин майрам шаң кылган
Өмүргө бизди алып келген.
Энелер үчүн жан курман
Кайырма:
Кайгымды тарттың темселип,
Kapыздар ким бар менчелик.
Жүк болгон күнүм эстесем,
Жүрөгүм ооруйт өйкөлүп.
Ааламды нурга бөлөйсүң,
Ак көйнөк кийсең көйкөлүп.
Ааламда бир да аялзат,
Ажарлуу эмес сенчелик,
Сулуу эмес апа сенчелик
Өмүрдө канча арман бар
Өзүң бар демек майрам бар
Бейиш деп сенин таманың
Белгилеп айткан пайгамбар
Кубаныч Алиев — Апакем тексти
Датасы: 26.08.2022 Көрүүлөр: 6446