Кулдун уулу жана Зымырык куш

Досуңуз менен бөлүшүңүз
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  

Өткөн заманда бир хандын Зымырык кушу бар экен. Зымырык куш дүйнө жүзүндө эмне болуп жатканын күн сайын эртең менен айтып турчу. Күндөрдүн биринде Зымырык куш дайынсыз жоголуп кетти. Хан аябай капаланып, жигиттерин туштушка чаптырып, эч таитыра албаган соң; элин бүт жыйып:
— Кимде ким Зымырык кушту тапса, мен ага хандыгымдын жарымын берем,— деп издөөчү кишилердин ар бирине арыбас аргымак, жоорубас жорго мингизди. Бул кабарды кулдун баласы Бекжал да угуп, колуна таяк алып, мылтыгын жонуна асып, Зьшырык кушту издеп жөө жөнөдү.

Эми сөз Бекжал жөнүндө болсун. Бекжал күнүтүнү жол жүрүп, арыдымачтым дебей баратты. Бир күнү бет алдынан алты аркар жарышып чыкты. Бекжал мылтыгын камдап, атмакчы болуп сунганда:
— Бизди атпа, биз аркар эмес, адамбыз,—деп алар кыйкырып жиберишти.
Бекжал аңтаң калып, сунган мылтыгын кайра тартып алды.
— Силер эмне үчүн аркар болуп калдыңар? — деп сурады.
Аркарлар болгон ишти айтышты: — Биз да ушул жолдо жолоочулап баратканбыз. Мындан ары жүрүп отурсаң, он эки канат ак үйгө туш келесиң. Үйдүн ичине кирсең — эч ким жок. Дасторкон жайылып, анда нечен түркүн тамакаш жайнап турат. Үйгө кирбе, тамактан жебе, эгер жесең, бизге окшоп айбан болуп кетесиң…
Бекжал аркарлардын сөзүн уккан соң, өз ичинен «бара көрөм» деп ойлоп, жолун улантты. Ырас эле чоң ак үйдү керүп, ага атайы барып кирди. Үйдүн ичинде кыбыраган жан жок. Төрдө дасторкон жайылып, ар кыл тамакаш жайнап турат. Бекжал ары карап, бери карап! «Эмнеси болсо да курсагымды тойгузуп алайын» деп шырдакка отура калды. Аңгыча бурчтан бир кемпир чыга келип, жерден топурак алып, Бекжалдын бетине чачып жибергенде, ошол замат бул тоо теке болуп, тили байланды. Анан үйдөн чыгып, темтеңдеп басып, ак сарайга кез келди да, дарбазанын түбүндө турду. Ак сарайдан сулуу кыз чыга калып, тоо текени көргөндө: «Бул айбан эмес, киши окшойт, баягы менин шум энемдин кылганы» деди да, жерден топурак алып, тоо текенин бетине чачып жиберди. Бекжал өз калыбына келе түштү, кыз үйүнө кийирип, конок кылды.
Азаптуу жолдо арыпазып неге жүрөсүң? — деп сурады кыз, Бекжал жок издеп жүргөнүн айтып:
— Ошол куштун дайнын билсеңиз, жардам кылсаңыз кантет? — деди.
Мен Зымырык куштун кайда экенин билем — деди кыз. Бирок ага жетиш үчүн башты канжыгага байлаш керек. Мындан ары жалгыз аяк жол кетет. Ошол жол менен жүрүп отурса, асман тиреген чынар терекке жетет. Ал чынардын башында алпкаракуш уя салып, балапан чыгарат. Аны жыл сайын жалгыз көздүү ажыдаар жеп коёт. Ошол ажыдаарды өлтүрсөң, андан ары ашуу бар, аны жүз жылда ашып өтөсүң, анан чытырман токой бар, токойдон токсон жылда өтөсүң, андан ары деңиз бар, аны сексен жылда сүзүп өтөсүң… ага жеткенче өзүң да өлөсүң.
— Эмнеси болсо да бара керөм,— деп Бекжал кыздын каршылык кылганына эч көнгөн жок. Ошондо кызга өзү жагып да калды.
— Эмесе мындай кылгын,— деди кыз,— мьшдан ары жүрүп, чынар терекке жеткенде, анын түбүнөн ороо казып, үстүн куурай менен жаап, ичине кирип жатып ал. Үч күндөн кийин ажыдаар келип, чынардын башына чыгат. Сен аны как башка атып өлтүр, ансыз езүң майып болосуң. Эртеси эртең менен алпкаракуш келет. Сенин жакшылыгыңды көрүп, ойлогон оюңа жеткирет.
Бекжал кыз менен коштошуп, анын куржунга салып берген тамакашын көтерүп жолго чыкты. Бир нече күнден кийин чынар терекке жетти. Кыз айткандай ороо казып, үстүн үлпүлдөк куурай менен жаап, ажыдаардын келишин күттү. Үч күн дегенде ажыдаар ышкырып, оозунан от күйүп мурдунан түтүн бурап, өзү чынар терекке оролуп чыга баштады. Эртен. менен мээлеген Бекжал бармагынан май чыкканча түшкө чейин мээлеп, анан атканда, ажыдар жерге кулап түштү. Жаны чыкпай ары бери катуу чамынып, карагайлар түбү менен омкорулуп, сойлогон жерлери кадимкидей аң болуп калды. Бекжал даты үч жолу атып, ажыдаар араң өлдү. Башын кесип салып, карап турса, чынар теректен:
— Ой, бала, бизге кел! Чык бери!—деп чыйылдаган үн угулду. Бекжал ажыдаардын башын көтөрүп, теректин учундагы чоң уяга күн батып, каш карайганда зорго жетти. Алпкаракуштун балдары абдан сүйүнүп, Бекжалга чоң алкыш айтып жатышты.
— Эми сен биздин канатыбыздын алдына кирип жат. Энебиз эртең менен келет. Ал келатканда көзүнүн жашы жамгыр болуп төгүлөт, канатынын күүсүнөн койдой таштар коктуну карай учат. Мында келип конгондо, теректин башы жерге үч тийип, үч көтөрүлөт. Сен андан коркпогун — дешти.
Таң атып, күн чыкты. Бир маалда күн бүркөлүп, нөшөрлөген жамгыр жаап, сел жүрүп кетти. Койдой таштар коктуну карай учту. Бороон болду. Аңгыча алпкаракуш келип конгондо, чынар теректин башы үч жолу жерге тийип, үч жолу кайра көтөрүлдү. Алпкаракуш балдары аман экенин көрүп:
— Жакшылыкка — жакшылык, жамандыкка — жамандык, силер кантип аман калдыңар? — деп сурады.
— Энеке, биз оболу жамандыкты көрсөтөлү,— деп балапандар ажыдаардын башын көрсөтүштү.
— Эми жакшылыкты керсөткүлө!— деди алпкаракуш.
Анан Бекжалды көрүп, алпкаракуш муну «ап» эттирип жутуп жиберди. Балапандар энесин кекиртектеп:
— Бул эмнең, жакшылыкка жамандык кылчу беле?! — дешип, чыйпыйы чыга түштү.
— Бир аз коё турсаңар, мындан да ашкан баатыр кылат элем,— деп алпкаракуш Бекжалды кайра кусту.
Бекжал күлүп тура келди.
— Жакшылыгыңа — жакшылык, менден эмне каалайсың? — деп сурады алпкаракуш.
Бекжал болгон ишти айтып, Зымырык кушка жеткирүүнү өтүндү. Алпкаракуш ары карап ыйлап, бери карап күлдү да:
— Болуптур эмесе, сен үч күнгө чейин күт. Мен адырдан аркар, булуңдан бугу кармап азык камдайын,— деп учуп кетти.
Үч күнден кийин айры мүйүздүү алтымыш бугу, аркасы ачылбаган алтымыш аркар көтөрүп келди. Бекжал аркар менен бугуларды союп, тересинен чанач жасап, эттерин салып даярдап бүткөнден кийин, күн чыга учмак болушту. Таң сүргөндө Бекжал алпкаракушка минип, жол азыктарын артынды. Алпкаракуш балапандары менен коштошуп, анан Бекжалга минтип эскертти:
— Сен көзүңдү чылк жуумп, ал, антпесең башың айланып жерге кулап кетесиң. Качан мен «көзүңдү ач» дегенде гана ач. Учуп баратып оң жагыма карасам — эт, сол жагыма карасам — суу бер.
Күн кандай батып, таң кандай атканын Бекжал эч көргөн жок. Алпкаракуш оң жагына караса — эт, сол жагына караса — суу берип жүрүп отурду. Бир күнү куш:
Бекжал, көзүңдү ачып, жерди карачы,— деди.
Бекжал көзүн ачып жерди карап:
— Жер кой короодой гана болуп көрүнөт,— деди. Андан ары барып:
— Көзүңдү ачып жерди дагы карачы,— деди.
— Жер такыр көрүнбөй калды.
— Эмесе биз бийик тоодон ашып өткөнүбүз ошол. Мен мындан ары жерге жакын учам,— деди да, ылдыйлап түшө баштады.
Акыры бир шаарга жакындаган кезде, алпкаракуш эт сурап, оң жагын карады. Бекжал чаначтарын аңтарса, эт түгөнүп бүткөн экен. Эмне кыларын билбей, өзүнүн сан этинен оё кесип, алпкаракушка берди. Ошол эттин күчү менен Зымырык куш турган шаардын четине барып конуп:
— Жолдо карай көп эле эт жедим, бирок эң кийинкиси бөтөнчө таттуу экен,— деди алпкаракуш.
— Аны мен өз санымдан кесип бергем,— деп Бекжал санын көрсөттү.
Алпкаракуш Бекжалга абдан ыраазы болуп, муну айтты:
— Сен издеген Зымырык кушту ушул шаардын ханы алдырып кеткен. Хан өзү — кыз. Ал кыздын ордосунда иштегендердин баары жалаң кишилер. Сен алардан эч коркпо, жети күн удаа уктап жаткан кези. Эми сен шаарга кирип, оболу кыздын ордосун тап. Андан Зымырык кушту ал; кыздын колунда алтын билерик бар, аны чыгарып алып, сени жолго салган алыстагы кызга бер. Билерик ошол кыздыкы, «Ушул билерикти ким уурдап алса, ошого күйөөгө чыгалы» деп бул экөө антташкан болчу. Билерикти берсең, ал кыз сага сезсүз тиет. Мен үч күн күтөм, андан артык күтө албайм…
Бекжал шаарды аралап жүрүп, кыздын ордосун таппай эки күн өткөрдү. Үчүнчү күнү кыздын ордосун араң таап, ичине кирип барды. Барса кыз уктап, Зымырык куш карап отурган экен. Бекжал Зымырык кушту көтөрүп, кыздын колундагы билерикти чыгарып алып, алп каракушка келсе ал аркан бою өйдө көтерүлүп калыптыр. Муну көрүп кайра конду да, Бекжал менен Зымырык кушту алып учуп, чынар терекке келди. Алпкаракуш менен коштошуп, Зымырык кушту минип, Бекжал баягы ак сарайдагы кызга келип, билерикти берди.
— Сени түбөлүк сүйгөнүм ушул,— деди кыз. Экөө Зымырык кушту алып, ханга жөнөштү…
Булар келдүн жээгинде эс алып олтурганда, хандын эки уулу Зымырык кушту көрүп:
•— Кулдун уулу Бекжалга хандыкты алдырып, биз карап калабызбы!— деп бузуктук ойлоп, муну өлтүрмөк болушту. Экөө ошентип кеңешип алышты да:
60
— Бекжал, сен бизден кичүү эмессиңби, аттарды сугара койчу,— дешти.
Бекжал эч нерседен капары жок, аттарды жетелеп келип, көлдөн сугарып турганда, хандын балдары артынан түртүп жиберишти. Колуктусун кошо өлтүрүш үчүн аны кармаганы келгенде, кыз ак куу болуп кубулуп, көлгө кирип кетти.
Хандын эки баласы Зымырык кушту алмаксалмак өңөрүп, чапкан бойдон атасына жетип, кушту колуна тапшырды. Аябай сүйүнгөн хан элин жыйып, ат чаптырып, эр сайыштырып, балбан күрөштүрүп чоң той берип, эки баласын эки шаарга хан көтөрдү. Зымырык кушту ордуна кондурушту. Бирок, бул мурдагыдай сүйлөбөй койду. Арадан бир топ күн өттү. Зымырыктан эч кандай сөз чыккан жок. Бир күнү Бекжал колуктусу экөө шаарга келип, хандын ордосуна кирди. Зымырык куш ошондо гана сүйлөп:
— Мени таап келген жигит мына, сенин балдарың бузуктук кылды, ханым,— деди.
Хан Зымырыктын сөзүнө кубанып, Бекжалдан муну кантип тапканын сурады. Бекжал болгон ишти бүт айтып өттү. Шаар ичине «Зымырык кушту тапкан кулдун уулу Бекжал экен» деген сөз тарады. Хан балдарын даргага тарттырып, убадасы боюнча Бекжалга хандыгынын жарымын берди.
Мына ушундан кийин Зымырык куш келеркетерди. болорболбосту, жамандыкжакшылыкты мурдакыдай ар дайым айтып турду.

Окшош чыгармалар

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *