Айбек Касымов — Кымбатым тексти

Көчүрүү (скачать)

Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын

Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын

Жаз жадырап мен турамын сумсайып

Жазда неге келбей койдуң кымбатым

Жазда неге келбей койдуң кымбатым

Жаркын гүлдө жасалгалап кыр башын

Жай чыгарып табигаттын сымбатын

Жер жапжашыл менин өңүм керсары

Жайда неге келбей койдуң кымбатым

Жайда неге келбей койдуң кымбатым

Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын

Суктандырды адамдардын кыйласың

Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө

Күздө неге келбей койдуң кымбатым

Күздө неге келбей койдуң кымбатым

Эки жүрөк бирин бири тындасын

Эзилишип элжирешип жыргасын

Керемет бар сенде кышты жай кылар

Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым

Келчи келчи кыш чилдеде кымбатым

Кайырма:

Айбек Касымов Кымбатым караоке

Айбек Касымов Кымбатым клип

  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •  
  •