Датасы: 18.05.2024
Формат: mp3

Ыр деп апа кезип жүрөм ааламды

Ыраасын да билбейм пайда табамын

Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи

Доктур болбой ырчы болгон балаңды

Кайырма

Күлчү апаке күлчү ошол керемет

Күлкүңүздөн жазга айланып көгөрөт

Азабыңды актабасам бир күнү

Алдыңызга баш урайын чөгөлөп

Бир үшкүрбөй азабыма чыдап миң

Башка сиздей данаакерлик кылат ким

Сиз бар үчүн жер огунда айланып

Сиз бар үчүн ааламыма чыгат күн

Мен кыйналсам көздөн сызып ачуу жаш

Мага сиздей бирөө күйүп жашыбаз

Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын

Менин кылаар миң мээнет татыбас

Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп

Жашысаңыз жаным кейип от болуп

Аалам дагы кызык эмес апаке

Аалам өзү кетет мага жок болуп

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *