Аткаруучу: Курбанбай Эшим
Бул жарыкта сени менен менин дүйнөм кенен
Сага болгон ак сүйүүм түгөнбөс чексиз терең
Өйдө-ылдый турмушта кайыл болдуң баарына
Көп ойлонуп кайгырба
сенде бармын мен мына
Сенсиң жубайым
Берген Кудайым
Жашоомо жарык чачып
Күлүп жүрчү дайым
Өзүм тандап алган бакытымсын менин
Өмүрүмө шериктеш сенсиң деп билемин
Балдарымдын багы бейиши сенсиң
Нурга бөлөп үйүмдү жылытаарым менин
Сенсиң жубайым
Берген Кудайым
Жашоомо жарык чачып
Күлүп жүрчү дайым
Эгер сиз бул материалдын укук ээси болсоңуз жана өчүрүүнү кааласаңыз, бул баракча аркылуу байланышыңыз.