Чер токойдо бир каардуу аюу көп жылдар бою падышалык кылып турат. Карылык келип, шайы кеткен чагында ал жашаган үңкүрдүн айланасында чычкандар көбөйүп, күнү-түнү кытыратып, ары-бери чуркап тынчын ала башташат.

Акыры чыдамы кетип каарданган аюу: “Токойдогу чычкандар бүт жок кылынсын!” деген буйрук чыгарат. Айласы кеткен жаныбарлар өз ара кеңешип, бир жакшы мышык табышат да аюунун үңкүрүнө кароолчулукка коюшат.

Бул мышык  алгыр эле эмес абдан куу да болчу. Өз жумушун ал абдан тырышчаактык менен аткарып жаткандай түр көргөзгөнү менен күнүнө бирден чычкан кармап, аюуну да алдап, чычкандарды коркутуу менен тынчытып, жай жашоосунда жүрө берет.

Мышык мындай чыкса эле чычкандар тополоң салып киргендиктен аюу аны өзүнө эң керектүү жардамчы катары көрүп, абдан чоң камкордугуна алып, жанынан алыс чыгарбай калат.

Бир күнү мышыктын кандайдыр жумушу чыгып ордуна мыймыйын[1] калтырып кетет. Мыймый мышык энесинен аша алгыр болгондуктан бир түндө эле үңкүрдүн айланасындагы чычкандарды кырып салат. Эртеси энеси кайтып келип, өлтүрүлгөн чычкандарды көрүп, кубанмак тургай кайра ачууланат:

— Келесоо! Ушунча жылдан бери мен бир да ашыкча чычкан өлтүргөн эмес элем. Эми падышаны кимдерден коргойбуз? Аюу аткарган жакшы кызматым үчүн камкордугуна бөлөп, жанынан алыс чыгарчу эмес эле. Эми сенин айыңан жакшы жумушумдан айрылганы калдым.

Мышык бекер кейибептир, эки күндөн кийин аюунун кулагына үңкүрдүн айланасында эч бир чычкан калбаганы угулду. Мындай болгондон кийин аюу мышыкты жанында алып жүрүү ашыкча экенин түшүндү да, кызматынан бошотуп койду.

Бул жөнөкөй жомоктон алчу сабак: мамлекеттик кээ бир кызматкерлер ушул куу мышык сыяктуу эт менен челдин ортосунда иштеди аты кылып, бекер маяна алып күн кечирип жүрө беришет.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки44
Алия менен жылкы43
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор24
Акылдуу кыз17
Нооруз жөнүндө жомок17
Аяз ата14

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *