Илгеринин илгери заманында Тилехан залим хан болгон экен. Ал бир күнү
отуруп өзүнчө жинденип, кан ичмейи кармаптыр да, мындай өкүм жарыялаптыр:
— «Ким кырк калп айтып берсе, мен ошого кызымды берип аны күйөө бала
кылып алам. Эгерим, кырк калп айтып бере албай, менин алдыма келгенди дарга асып өлтүрөм, — деп бозо менен аракты аралаштырып ичкен хан күпүлдөптүр вазирлерине.

Ошону менен көптөгөн кишилер хандын алдына келип, калп айтып берип, кызын алам деп, айтып бере албай өлө бериптир.

Хандын дарына асылып, анын тамашасына хан кумарын кандырып жатат экен күнүгө.

Бир күнү, бир жетим бала: «— мен Тилеханга кырк калп айтып бере алам, —
деп келип калат.

Баланын кебетесин көргөн кишилер балага насаат айтып, курулай өлүп каласың, жөн кетип кал дешет. Баланын кейпи жүдөө, колу-буту
туурулуп жарылып, кийими жыртык, бутунда жаман чарыгы бар экен.

Өмүрүндө нанга карды тойбой териси сөөгүнө чапташып, ыргыйдай көрүнөт, курамы он беш жаштарда бар экен. Эл кой дегенге көнбөй, бул жетим: — Тилехандын дарынан өлгөн кишилердин жанынан менин жаным артык беле, ошонун бирөө боломун, — деп койду.

Ошондо элжурт ал жетимдин оюна коет. Жетим бала, Тилехандын алдына кирип, ийилип салам берет. Тизе коюп баш уруп, отурат. Ошондо хан сурайт — Сен эмнеге келдиң? — Мен сизге кырк калп айтып бергени келдим, — деп жооп берет. Анда хан: — Кырчын өмүрүңө кыйбай жөн кетип кал, деп баланы таназарына албаптыр. Бирок бала: «Жыгылсаң нардан жыгыл, бир буйласын кармай жыгыл» — деген сөз бар ханым, сиздин дардан өлгөндөрдүн жанынан менин жаным чымындай жаным артык эмес, — деген экен.

Хан кекээрдене кана эмесе башта, — дептир.

— Мен, атамдын белинде, энемдин курсагында жатып, неберемдин
жылкысын багып, он жыл ичинде калың бүтөп, өзүм катын алдым, мунун бирөө да калп эмес, баары чын, ханым — дептир.

Жылкы багып жүрүп, жай саратандын ысыгында жылкылар суусап кетти. Суу
издеп бир жерге барсам, бир кудуктан суу ашып чыгып, тоңуп калыптыр, мына көрүң, ханым, жай саратанда муз тоңгонун ошондон көрдүм. Ал музду чагып суу чыгаруу үчүн, балта менен чаптым, балтамын мизи сынды, темене менен чокудум, темененин учу токол болду. Бир маалда курсагыма кеңеш салсам, мындай акыл болду: — башыңды жулуп алып урсаң, анан муз жарылат, — деди.

Моюнумду толгой кармап, башымды жулуп алып, музга урсам, муз эки бөлүндү.

Муздун жаракасынан жылкымды сугарып алдым, жылкыларым суудан ичип,
муздун үстүнө чыккан чөптөн, ооба, бел курчоодон чыккан чөптөн жуушап калды.

Мен ошондо уктап калыпмын. Ойгонсом жылкыларым жок. Жылкы карап
жүрсөм, чөптүн арасынан бир коен чыга качты, мылтыгым менен коенду атсам, огум алыс кетти, мылтык оозун анын көөдөнүнө такап атсам коен өлдү.

Союп жатсам, атым үркүп кетти, эмне болду деп карасам, атымды аккуунун мойнуна байлап койгон экемин, атымды кармап коенду соеюн деп камдансам бычагым жок экен. Аны тишим менен сойдум. Коендун этин бышыруу үчүн, тезек тердим, кемегеге тезекти салайын деп жерге төксөм, тезектерим учуп кетти, карасам тезек терем деп чөптүн арасынан бөдөнө терип алыпмын, ошолор пыр деп учуп кетти.

Коендун этин туздап, күнгө кактап кебек кылып жеп, майын бир бүтүн эле
казанга сызгырып алайын деп куйсам, агып токтобой берди, соңунда тешик
казанга сызгырып алдым, коендун майын бир төөнүн, бир өгүздүн кардына
куйдум, ашканын өзүнүн кардына куюп алдым. Ошолор менен илешип жатсам, бир айгырым жоголуп кетиптир. Аны он күн, он ай, он жыл издеп таба албадым.

Акыры, теменени сайып анын үстүнө чыгып карасам көрүнбөдү, бычагымды
сайып карасам көрүнбөдү, анын үстүнө кынын улап карадым көрүнбөдү. Мундай керексиз көздү чукуп салайын деп карасам, башым баягы муз жарган жерде калган экен, таппай калдым. Курсагыма кеңеш курсам, — айгырың асманда жүрөт, — деди.

Булутка минип, асманга чыгып карасам, айгырым ошондо туруп калган экен. Кулунун кармап, айгырга өңөрсөм, айгыр көтөрө албады. Кулунду минип, айгырды өңөрүп, бычагымы калак, кынымды кайык кылып жерге түштүм. Чаалыгып, чарчап калган жаным уктап калыптыр. Бир маалда ойгонуп жылкымы тойдуруп келип баягы койдун майынан бир жутуп алдым да, калган майын өтүгүмдү майладым, оң жак өтүгүмө жетип, сол жак өтүгүмө жетпей калды, уктап калыпмын, бир маалда дүбүрт чыгып калды. Ойгонуп кетип карасам, эки өтүгүм мушташып жаткан экен. Май жеткени, май жетпегени менен кызылдай эле мушташып калыптыр. Башы көзү жарылыптыр, экөөн эки чертип, эки жакка жалжайта коюп салдым да, кайра уйкумду улай бердим. Эртеси саар менен турсам, май жетпеген өтүгүм качып кеткен экен. Эки бутуму бир өтүккө кийип, аны беш күн, беш ай, беш жыл издедим. Ал арада аялым өлүп, атым чаалыгып өлдү, өзүм жок калдым. Жөө баратып бир касапчыга жолуктум. Ал касап бир өгүздүн кекиртегине коон эгип бышырган экен, — балам, кайда барасың, — деп кайрылып калды. Өтүгүмдү издеп баратканым айтсам, — табалбайсың, коон жеп ал, — деди. Бир коон үзүп берди. Коонду бычам деп бычагымды коондун ичине түшүрүп ийдим. Бычагымы издөөгө чечинип коондун ичине кирдим, беш ай, беш жыл коондун ичинде бычак издеп жүрүп мына бүгүн сиздин шаарга келип олтурам, ханым, — деди.

Айтып ошо жерге келгенде, Тилехан кайра суроо салып, сен айткан кудуктун
суусу ашып жаткан маалда күн узун бекен, же кыска бекен? — деп сурайт.

Анда баланын жообу: — казандай ташты кудукка салсам бир күн кечке дейре
түбүнө жеткен жок, — дептир. Ошондо Тилехан өңү кубулуп вазирлерине өз
өкүмү боюнча кызын ушул кырк калпты айткан балага буйурган экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Бала менен сыйкырчы573
Жез кемпир337
Акылдуу бала332
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)282
Алданган карышкыр жомок233
Тулку менен Кене226
Атанын керээзи жомок222
ЖЕТИМ МЕНЕН СЫЙКЫРЧЫ150
Сырдуу сака136
Карышкыр менен түлкү123

Кырк калп жомок: 5 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.