КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ

КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ 3

Илгери, эчак өткөн бир заманда,

Чокусу көк тиреген Тянь-Шанда,

Жашаптыр тогуз уулдуу бир акылман,

Тогузу тогуз азап шордуу жанга.

Карашып тогуз уулу тогуз жакты,

Тоосунан ынтымаксыз суулар акты.

Ар күнү үрпөйүшүп үй алдында,

Урушкан тооктордой чукулдашты.

— Мен жайгам кечээ күнү козуларды,

Анырдай ачасынар оозунарды.

Түрүнөр итий болгон балага окшоп,

Айткыла чынынарды, соосунарбы?

— Мен бүгүн отун алып келдим кырдан.

— Сен өзүн мышыктайсын сүт андыган.

— Сен соргок, жеп койдунбу мага койбой,

Канакей кызыл уйдун каймагынан?

— Сен неге жабышасын ач кенедей,

Ары тур чон атадай жемелебей!

— Сен өзүн журтта калган чүпүрөксүн,

Жөн отур, колдорунду серелебей.

Кыйкырат улам бири үнүн баспай,

Талашып айран-сүттү кырк күн ачтай.

Алышат бири-бирин кекиртектен,

Муштумдар түйүлүшөт катуу таштай.

Угушпай кой дегенди жулкат, болбойт,

Чокушуп жүнүн жулган короздордой.

Тытышат бир-биринин көйнөктөрүн,

Же жака, же женинен тамтык койбой.

Кичүүсүн уруп коет чонураагы,

Алсызын жулуп басат тыныраагы.

Тартылган дүрбөлөнгө керней окшоп,

Угулат кичүүсүнүн чынырганы.

Кан агат, мурундардан кыпкызыл кан…

Томпоюп чекелери, бет айрылган.

Компоюп көтөрүлөт көп урганы,

Согушта өч алгандай душманынан.

Талаага бири барса кой артынан,

Анысы үйдөгүдөн болот жаман.

Сабашат жолун тосуп бай балдары,

Ийиндей тарып кетет көргөн заман.

Ышкынга бара калса мөнгү астына,

Же бири ташка чыкса жоогазынга.

Кийиздей томолонтуп бай балдары,

Кордукту көрсөтүшөт анысына.

Ышкынын манап уулу тартып алат,

Башына кара түндөй мүшкүл салат.

Алдырган оозундагы кырмычыгын,

Каргадай ыза болот, куру калат.

Курусун, ошондо да билишпеди,

Биригип бир туугандай жүрүшпөдү.

Ал турсун табалашып бирин бири,

Бир-бирин көргөн жерде күлүшөдү.

Атасы акыл айтты — угушпады,

Бир да күн чатагы жок турушпады.

Жоо келип согушкандай алыс жерден,

Сөз болду туугандардын урушканы.

* * *

Ак басып сакал-мурутун акылмандын,

Сездирди кайгы менен картайганын

Жүдөттү эл көзүнчө күчтүү намыс,

Аябай кантет байкуш өз балдарын.

Аралап ыргайларды колот өрдөй,

Бир күнү тоого барды түш көргөндөй.

Жасады чыбык кыркып элүү сабоо,

Жүн сабап кийиз жасар күз келгендей.

Кагайтты бириндетип жайып күнгө,

Шашылды кыйналчудай калып түнгө.

Боолады бирге танып сабоолорду,

Көтөрүп үйгө келди кеч киргенде.

Чакырды тогуз уулун жумуш бардай,

Тогузу түгөл келди бири калбай.

Атасы алып келип тоодон элик,

Этине келгиле деп чакыргандай.

Жанжалдуу үй курусун кейпи суук,

Көрүнөт бокочодой кереге, уук.

Күч алат көнүлсүздүк көргөн сайын,

Түн түшүп келаткандай кечке жуук.

Акылман тегерете тиктеп баарын,

Сынады жат кишидей өз балдарын.

Ким билет ойлодубу: акылсыздар.

Мушташып, карматат деп адаттарын.

Отургузду тогузун тен кыдырата,

Сүйлөдү балдарына ак чач ата;

— Жүк баскан төөдөн бетер картайганда,

Дүйнөгө келгениме болдум капа.

Акылдуу чыкпадынар башкалардай,

Акылды айтып келдим арбай-талбай.

Айтканды укпадынар дүлөйлөрчө,

Ойлодум бир кызык иш аргам калбай…

Түшүнсө бул ишимди ар бир балам,

Айыгаар эмдегендей жүрөк жарам.

Кетсенер мурункудай укпай сөздү,

Кубанбай капа бойдон көргө барам.

* * *

Танылган элүү сабоо ушул турган,

Боолугун чечпей туруп ортосунан.

Кагайган бир чыбыкты сындыргандай,

Баарын бир ушул бойдон бүт сындырган.

Сый алат өз колумдан азыр менин,

Жарыгын ай-жылдыздын бүт жарыгын.

Жыргалын жер үстүнөн аябаймын,

Алмадай карматамын тилегенин

Көрүштү кармалашып топ ыргайды,

Топ ыргай тоодон бекем күч турбайбы!

Баарынын күчү жетпей сындырууга,

Айтышты: сыйлыкты ойлоо куру кайгы.

Акылман бир жылмайып мурутунан,

Сабоону алды кайра өзү танган.

Боолугун чечип туруп бирден берип,

Суранды таштай каткан балдарынан:

— Канаке, сынар экен эми кандай?

Баарынар сындыргыла куру калбай.

Балдары бычыратты чыбыктарды,

Сабоодо көптөн бери өчү бардай.

Жоо колу кан майданда кырылгандай,

Заматта баары сынды элүү ыргай

Атасы сөз укпаган балдарына,

Бул ишти мисал кылды карап турбай:

— Көрдүнөр, бирдик деген оной эмес,

Уксанар бирдик үчүн берем кенеш.

Бооланган ыргай өндүү бир турсанар,

Силерге каршы басып эч ким келбес.

Эч бирөө сындыралбас белинерди,

Эч бир дөө багынта албас элинерди

Капыстан чыга келген кагылышта,

Касташкан тепсей албас жеринерди.

Кокустан алтоо ала боло калса:

Белдери сынар жоодон көк ыргайча.

«Бөрү жейт бөлүнгөндү» деген ошол,

Бөлүнбөй, бирге жүрүп, бирге жаша.

Угушту бир туугандар ата сөзүн,

Жанжалды таштап баары ачты көзүн.

Ойлошту жаткан тура күч бирдикте,

Бир басып кыдырышты жердин жүзүн.

Бир дагы душман каршы кезиккен жок

Бардыгы жерге житип кеткен окшоп,

Көрүнбөйт, кайда кеткен бай балдары

Жоошуптур манап уулу колдору шок.

Ынтымак үйгө кирди андан кийин,

Акылман тоготкон жок болуш-бийин.

Тогузу тогуз жолборс балдарынан,

Душмандар таппай калды кирерге ийин.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алданган карышкыр жомок238
Акылдуу дыйкан204
Таранчы менен түлкү204
Ырыс алды — ынтымак193
Акыл карачач181
Ууру үкү135
Муз чолпу107
Сыйкыр сөз94
Көмөч нан (колобок) жомок87
Чоң кумурска менен кичинекей кумурска76

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.