Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма:
Апакем кайда? Мен кайда?
Адырлуу, жашыл төр кайда?
Убакыт өтпөй табышмак,
Уктабайм түндө далайга
Жоругу тентек балдарбыз,
Жоогазын терип алганбыз.
Жок дүйнө менен алышып,
Жомокто жашап калганбыз.
Кайырма
Айылды бүгүн эскердим,
Ак шамдар жанган кечтерин.
Апакем уй саап короодо,
Адырдан ойноп кеч келдим.
Кайырма
КЫЗ — БУРАК тобу — Апакем (New version) тексти
Датасы: 10.10.2020 Көрүүлөр: 1502
Нотасы жазып чыгарып койгулачы адамды кыйналбай сураныч
Минусовкасын чыгарынызчы