Тоолор, бийик тоолорум,
Зоолор, көрктүү зоолорум.
Мен сени алыстан сагынып келемин,
Эңсеп бир кең, сүйкүм элесиң.
Кайырма:
Сени унутпаймын, көпкөк тоолор,
Эңсеп бир кең сенин демиң,
Элесиңе кумар канбайт, тоолорум менин.
Көркөмүңдү эстеп, бийик зоолор,
Шаркыратма сууну бойлоп жүргөн кезим,
Түшөт эске балалык кездер.
Жазда абаң жыпжылуу,
Таңда көркүң супсулуу.
Куштарың мукамдуу кубулжуп сайраган,
Гүлдөрү жоодурап жайнаган.
Кайырма: