Датасы: 11.10.2020
Формат: mp3

Айлуу түн кимдерге экен,
А, балким ойносун деп биздге бекен
Телмирип терезеңден карабастан,
Суу бойлоп келеличи келсеңчи, эркем.
Булактын мөлтүр суусу кимдерге экен,
Булар да ичишет деп бизге бекен.
Сен барда башкаларды көрбөсөм да,
Булактын шары менен бирге кетем.
Өмүрдүн аккан балы кимдерге экен,
Өздөрү ичишет деп бизге бекен.
Өтсө күн, өмүр өтүп баратпайбы,
Өлбөскө бал ичели келсеңичи, эркем.

Один комментарий к “Кыздаркан Келдибекова — Келсеңчи, эркем тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *