Датасы: 04.04.2024
Формат: mp3

Билем жаным таарынасың мага дайым
Айтпасаң да көздөрүңдөн туям баарын
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин
Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин

Мейли кеттиң коштошподуң кош дебедиң
Түшүнбөймүн таарынычың не себебин
Сезген жоксун жүрөгүмдүн ооруганын
Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын

Төгөт жамгыр коштошуунун көз жашыдыр
Кеч болсо да калыстыгын кылаар тагдыр
Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин
Аста басып кете бердиң, кете бердиң
Сезген жоксун жүрөгүмдүн эзилгенин
Аста басып кете бердиң, кете бердиң

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *