Бир макоо жигит сулуу кызды акылдан адаша сүйүп калды. Бирок кыз аны карап да койгон жок. Айласы кеткен жигит досунан кеңеш сурады.

— Анын эмне кыйынчылыгы бар! Чиркөөгө баргын да ыйык Антонийге сыйынып, “эгер кызды сүйгүзсөң алдыңа келип чоң шам жагам”-  деп убадаңды бер.

Буга ынанган жигит чиркөөгө барып, ыйык Антонийдин чоң айкелинин алдына чөгөлөп жакшылап сыйынып, келген максатын айтты:

— Ыйык Антоний ата, эгер мен сүйгөн кыз мага жакшы мамиле кылса алдыңа момундай соң шам жагам! – деп бир колун өйдөнү карай сунуп көргөздү.

Ушундан кийин көңүлү жайлана түшүп, эртеси кызга барды эле, ал жанына жолотподу. Буга түшүнбөй калган жигит досунан кайра кеңеш сурады.

— Ыйык Антоний сени жакшы түшүнбөй калгандай же сен өзүң жакшы сыйына алган эмес окшойсуң, ага кайра бар да жакшылап сыйынып, мурункуңдан да чоң шам убада кыл. Антпесең болбойт! – деп досу так кесе айтты, кандай сыйынышты түшүндүрүп да берди. Эртеси ал досу айткандардын баарын аткарып:

— Ыйык Антоний ата, эгер сүйгөн кызым мени жактырып калса, алдыңа момундай соң шам жагам! – деп бул жолу ал кучагын кең жайып көргөздү.

Кийинки күнү чоң ишеним менен барган аны сүйгөн кызы карап да койгон жок. Шагы  катуу сынган жигит бул ирет досуна барган жок, түз эле ишенимин өлтүргөн ыйык Антонийге келип кыйкырды:

— Ыйык Антоний ата! Эгер эртең кыз мени карабачу болсо, чоң таяк менен келип сени талкалайм! Ушуга жеткени калдым!

Бул ыйык Антонийдин айкелине эч кандай таасир эткен жок. Бирок муну уккан поп-атаке коркуп кетти. Мындай жакшы айкел талкаланса ордун кантип тургузат? Корккон поп Антонийдин чоң айкелинин ордуна анын кичирейтилген айкелчесин коюп койду.

Эртеси жигит сүйгөн кызына кайра барды. Бул жолу ал жигитти карады, бирок катуу жинденип кубалап жиберди. Ызаланган жигит таягын көтөрүп түз эле чиркөөдөгү ыйык Антонийге келди, бирок аны таппай калып, ордунда турган кичинекей айкелге кыйкырды:

— Эй балакай, кана сенин атаң?!.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы62
Кыска жана күлкүлүү жомоктор32
Акылдуу кыз жомок31
Акылдуу балдар29
Кырк калп жомок26
Көмөч нан (колобок) жомок26
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш17
Коён менен кирпи17
ЖАЛКОО16
Карышкыр менен эчки16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *