Датасы: 19.03.2025
Формат: mp3

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт
Сакталып ошол бойдон менде жүрөт
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү
Неге сен неге сен неге сен
Түштүң экен күлүмсүрөп
Неге сен неге сен неге сен
Түштүң экен күлүмсүрөп

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк
Сезимге бир башкача ой түшүрөт
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе
Калбай деп калбай деп калбай деп
Эч болбосо беттен бир өөп
Калбай деп калбай деп калбай деп
Эч болбосо беттен бир өөп

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк
Мен тытпайм күнөө сенде сүрөттө эмес
Сүрөтүң сүрөтүң сүрөтүң
Жүрө берсин күлүмсүрөп
Сүрөтүң сүрөтүң сүрөтүң
Жүрө берсин күлүмсүрөп

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *