Мекиян жана короз болуптур. Мекиян жумуртка тууп, короз жем ташып, тоокко жапакеч экен. Ал дайым жем чукуп тапканда мекиянды чакырчу дейт:

– Ко-ко-ко, үрпөк баш, жем таптым!

Анын бу жолку тапканы борсойгон буурчак экен. Бирок короздун напсиси бузулат да: « Өзүм эле жутпасам, тоок муну жей албайт» — деп култ этип жутаарын жутуп, какап калат. Сулап жыгылып, буттары тырайып, дем алалбайт. Аны көрүп, мекиян жүгүрүп келет:

– Не балээ болдуң, Коке?! Эмне болуп кеттиң заматта?! Эмне дем алалбайсың?

– Ой-ой-ой, буурчакка какап калдым, – дейт короз кыңкыстап.

– Эмне кылсам экен, Коке? – дейт чыйпылыктаган тоок.

– Кокомду майлаш керек ко – дейт кышылдаган короз.

– Аны кайдан табабыз?

– Уйдан сура.

Мекиян уйга барып жалдырайт:

– Уй, айланайын, май берчи!

– Майдын сага кереги не?

– Короз дем алалбай жатат: буурчакка какап!

– Майды сенден айайт белем, – дейт уй, – адегенде эгинчиге барып чөп сурап келе калчы.

Тоок эгинчиге жүгүрөт.

– Эгинчи кагылайын, чөп бере гөр!

– Чөптүн сага не кереги бар?

– Чөптү уйга берем, уй мага май берет. Майды корозго апарам, антпесем ал буурчакка какап, дем алалбай жатат.

– Сен адегенде тандырчыга барып токоч сура. Мен токочко тоюп алып анан чөп чабайын, – дейт.

Тоок тандырчыга жетип барат:

– Тандырчы, айланайын, токоч бере гөр!

– Токочтун сага не кереги бар?

– Токочту эгинчиге берем, ал чөп берет. Чөптү уйга апарам, ал май берет. Майды корозго апарам, антпесем ал буурчакка какап, дем алалбай жатат.

– Сен анда токойго чуркап отун апкел, болбосо токочту эмнеге бышырам? – дейт тандырчы.

Мекиян токойго жетип, отун алып кайра келет. Тандырчы токоч бышырат. Токочту тоок эгинчиге апарат. Эгинчи токочту жеп, чөп чаап берет. Мекиян чөптү уйга алып жөнөйт. Уй чөпкө өзөк жалгап, тоокко каймак-майын берет. Тоок болсо майды короозго жеткирет. Корооз кокосун майлап, буурчакты жутуп аман калат. Анан ал ошол замат өзүнө келип кыйкырганын баштайт:

– Ку-ка-ре-ку! Жарайсың, үрпөк баш мекияным! – деп жомок бүтүп калат экен.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки45
Алия менен жылкы44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Нооруз жөнүндө жомок17
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *