«Сүйдүм» дедиң, боздодуң,
Тойбойт кара көздөрүң,
Көңүлүңдү сыйкыр сезим козгоду.
Балким, сага байкалбайт,
Намыстанып айта албайм.
Сен дегенмин, жары эмесмин өзгөнүн.
Кайырма:
Жүрөгүм, жүрөгүм сен деп соксо кантемин?
Махабат ырларымда жашаган сенсиң.
Жүрөмүн, жүрөмүн сыздап, сагыныч коштоп,
Сен ошол тагдыр жолдо таалайым кошкон.
Сүйүү демин татканда,
Жыргалына батканда,
Кош көгүчкөн көк асманда учкандай.
Көздөр гана термелген,
Жүрөгүмдү эргиткен,
Сөз айта албайм эсим сенден тунгандай.
Кайырма