Бир күнү сараң киши нан менен бал жеп аткан экен. Көчөдөн өтүп бараткан киши учурашып калды.  Анын кирип келатканын көрүп, нанын шашып ката койду. Балды алып койгончо киши кирип калды. «Эчтеке эмес, – деп ойлоду сараң, – ал  балдын баарын жалгыз жей алмак беле».

Келген кишиге айтат:

– Кел, балдан же, жактырсаң.

– Макул, – деп жооп берет конок, – бал деген жакшы нерсе да. Аябай даамын мактап, балдан сугунуп жей баштады.

– Ооба, – дейт сараң, – чындыгында даамы сонун. Бирок балды көп жесең жүрөгүң ооруп калып жүрбөсүн, ал күчтүү да.

– Туура, – дейт конок. – Жүрөк ооруп калат. Бирок кимдики ооруйт болду экен? Сеники эмеспи?!

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)52
Жоогазын16
Ким күчтүү12
Жетим менен сыйкырчы жомок8
Алия менен жылкы7
Аяз менен коён7
Акылдуу балдар6
Алданган карышкыр жомок6
КҮЧ БИРДИКТЕ ЖОМОГУ6
Карышкыр жана жети улак5

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *