Датасы: 11.12.2019
Формат: mp3

Бабалардан калган турмуш ыргагы

Бул жашоонун көркү көңүл ачууда

Өмүр шаңы экөөбүзгө тең орток ай

Сен туш болдуң жаным көңүл назына

Сенсиз көрккө келбейт

Жазгы тентек желдей

Жансыз күндөр өттү баасы ирмемдей

Билчи жаным билчи

Жан дүйнөмө кирчи

Сени күткөн бакыт эшигин ачып киргендей

Бир берилген шаттуу өмүрдө

Кир кетпесин аруу көңүлгө

Бул жашоодо өкүнүүлөр аз болор ай

Ак куу мисал сүзсөк жаштык көлүндө

Бул өмүрлөр өткөн өтө да берет

Конок сымал коомай карап турсаң да

Максаттардын сересине умтулуп ай

Ай жылдызга сермеп колду сунсаң да

Назик көркү гүлдөй

Керемети күндөй

Чоң сүйүүгө жолугунуу тилеймин

Өмүр наркы бизден көңүл наркы бизден

Майда адамдар майда сүйгөндөй майда сүйбөйлү

Чындык ошол жашоо шартында

Эмне жетсин бийик арзууга

Мен да сага аппак сүйүү берейин ай

Сен да мага аппак сүйүү тартуула

Мен да сага аппак сүйүү берейин ай

Сен өзүңдү мага бүтүн тартуула

Мирбек Атабеков аппак сүйүү караоке

https://youtu.be/00jyu9Qtd0M

Один комментарий к “Мирбек Атабеков — Аппак сүйүү тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *