Датасы: 14.06.2025
Формат: mp3

Мен сага Жараткандан тилегеним
Бакыттын ар ирмемин
Жашоомдун баарын боёп түркүн түскө
Кубантып жүрө бергин

Атакем, атоу, десең толкуп жүрөк
Нурлантып бүт ааламды бараткандай, караткандай

Бал ширин жаным, сага арнадым
Бүт өмүрүм баарын
Көңүлүмдүн шаңын, сага арнадым

Астымдан чуркап тосконуң
Бактыма бакыт кошконуң
Чоң бакыт сенин болгонуң
Жараткан өзү колдосун
Чоң бакыт сенин болгонуң

Баарына калыс болгон кең адам бол
Ааламга ачылып жол
Ыймандан жүрөгүңө сүйүү толсо
Мен үчүн бакыт ошол

Сен барда кубанычтын даамын сезем
Кудуңдап жаш баладай
Чакырсаң ойной берем
Күлкүңө тойбой келем

Кайырма:
Бал ширин жаным, сага арнадым
Бүт өмүрүм баарын
Көңүлүмдүн шаңын, сага арнадым

Астымдан чуркап тосконуң
Бактыма бакыт кошконуң
Чоң бакыт сенин болгонуң
Жараткан өзү колдосун
Чоң бакыт сенин болгонуң

Бал ширин жаным, сага арнадым
Бүт өмүрүм баарын
Көңүлүмдүн шаңын, сага арнадым

Астымдан чуркап тосконуң
Бактыма бакыт кошконуң
Чоң бакыт сенин болгонуң
Жараткан өзү колдосун
Чоң бакыт сенин болгонуң

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *