Көз ачып шаттуу дүйнөгө жаңы келип
Ымыркай жан шеригим көпөлөгүм
Нур заман гүл жыттанган мекенде
Өсө бер сен болгун көкөлөгүм
Келечек канатымсың бел байлаган
Дүйүмсүң мөмөлөгөн жер жайнаган
Эл үчүн кызмат кылсаң эр жеткенде
Урматтап ызат этип баары сага
Батадан бүткөн карааным
Түгөнбөс мүрөк булагы
Эл уулу болуп өсө бер
Канымдан бүткөн чырагым
Таалайым кандан бүткөн берекемсиң
Сайбанын көк майсамдуу көлөкөмсүң
Ыңалап үнүң чыкса мен кубанган
Ырыс чачып баарына, ырыс чачкан төрө экенсиң
Мирбек Атабеков — Балама тексти
Датасы: 17.10.2022 Көрүүлөр: 20632