Кайгы-муңду ойго албай,
Кубаныч жолун жандай.
Баратамын багынып мен,
Шайыр жашоо аралай.
Убакыт учат сызып,
Күндөрүм өтөт кызык.
Көтөрөлү көңүлдү биз,
Жалын жаштыкка кызып.
Жаштык дайрасында жалында, жалында.
Кайырма:
Оуеи…
Жалын жаштык деми,
Жадыраган сезим.
Арбап мени, сени,
Халее…
Жылдыздарды карачы,
Жаштыгыңды баалачы.
Балбылдаган жашоодо,
Бакытыңды самачы.
Күндөрүм өтөт кызык,
Убакыт учат сызып.
Көтөрөлү көңүлдү биз,
Жалын жаштыкка кызып.
Жаштык дайрасында жалында, жалында.
Кайырма:
Мирбек Атабеков — Жаштык деми тексти
Датасы: 25.10.2020 Көрүүлөр: 3396