Тоокко жарганат жагып калып, достошкусу келди. Жарганат жашап жүргөн жер төлөгө баш баккан ал какылыктап жиберет:
— Каак-каа-каак! Ка-кайдасың ка-кадырман кук-курбум? Мен сени менен достошкону келдим.
— Мен караңгыдан чыга албайм. Күндөн көзүм уялат. Ысыктан канатым куйкаланат. Кечинде жолугалы.
Кеч да кирди. Жарганат тоокту издеп келди. Кепесине баш багып үн салып турду:
— Тоок курбум, кайдасың? Мен берген убадам боюнча келдим. Антташкан дос бололу.
— Каак! Ка-ап, мен ка-караңгыда көрбөйм да. Таң атканда жолугалы, ка-кандай дейсиң?
Макул болгон жарганат таң атканда жертөлөсүнөн чыгып келе алган жок. Ошол бойдон тоок менен жарганат дос болмок тургай жолуга албай келатышат дейт.