Датасы: 02.08.2020
Формат: mp3

Сен төрөлүп, неберем
Кемиди го керегем
Тосуп чыксаң жүгүрүп,
Тоодой толкуп кенейем.

Кайырма:
Айга-күнгө теңеген,
Алмаштыргыс сен элең.
Жүгүрөм деп жыгылсаң,
Жан бөлүнүп денеден
Сен аман бол, неберем.

Нурлап жарык күн-түндү,
Көп күттүм мен бул күндү.
Эч нерсеге кыйбаймын
Сенин таза күлкүңдү.

Кайырма:

Ачып көзүн булактын,
Ата жолун уланткын.
Чоң энеңди сүйүнтүп,
Чоң атаңды кубанткын.

Кайырма:

Ала-Тоодой бийик бол,
Ак мөңгүдөй тунук бол.
Айкөл болуп Манастай,
Кан Бакайдай улук бол!

Мирлан Баеков — Неберем тексти: 2 комментарий

  1. Соонун ырды бир сөз менен өлтүрүптүр да. Кимден ката кетти? Кимиси го керегем деп, жаман угушат экен да.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *