Датасы: 02.08.2020
Формат: mp3

Тогуз айда толгонуп тапкан энем
Тамагыңдын таттуусун мага берген
Талыкпастан жетелеп жол көрсөтүп
Бул жашоодо көзүмдү ачкан эле

Кайырма:
Сенсиң апам сырдашым жакыным
Сенсиң апам кымбатым асылым
Жаным апам багым апам ай

Түн уйкудан туйшөлүп баккан энем
Эч бир жанды сага тең таппай келем
Күнү түнү ойлоном асыл апам
Канткенде мен ак сүтүн актаар элем

Бир мен үчүн күч кубат аскам элең
Чеги жоктур сүйүүңдүн мага деген
Болсом дагы уул кыздын мен атасы
Бир өзүнө жаш бойдон кала берем



Один комментарий к “Мирлан Баеков — Жаным апам тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *