Биринчи колум бармагым
Бир окууга барганмын
Бир партада олтуруп
Сырыңды сурап алганмын
Кайырма:
Атаң барбы, Апаң барбы айтып койчу танцага.
Эжең барбы, сиңдиң барбы айтып койчу танцага.
Экинчи колум сөөмөйүм,
Ак бетиңден өбөйүн.
Ак бетиңден өпбөсөм,
Коргошун жутуп өлөйүн.
Акең барбы, үкөң барбы айтып койчу танцага.
Бөлөң барбы, жездең барбы айтып койчу танцага.
Үчүнчү колум ортончум,
Оштон чыккан чолпонум.
Көчө жака көп чыксаң,
Көз тийет деп коркомун.
Кайырма:
Атаң барбы, Апаң барбы айтып койчу танцага.
Эжең барбы, сиңдиң барбы айтып койчу танцага.
Төртүнчү колум аты жок
Сүйгөн кызым өтө шок
Кат жазамын сагынып
Жазган каттын жообу жок
Эжең барбы, жездең барбы айтып койчу танцага.
Байкең барбы, жеңең барбы айтып койчу танцага.
Бешинчи колуп чыпалак,
Сен жүрөсун чычалап.
Мен аскерге кеткенде,
Калдың колуң булгалап.
Кайырма:
Атаң барбы, Апаң барбы айтып койчу танцага.
Эжең барбы, сиңдиң барбы айтып койчу танцага.
Эжең барбы, жездең барбы айтып койчу танцага.
Акең барбы, жеңең барбы айтып койчу танцага.


Шок болдум окуп сонун экен