Кыш жакындаган сайын мышыктын көңүлү чөктү. Анткени жылуу өтүк сатып ала элек болчу. Анан бир күнү эптеп чыгынып, аялы экөөнө өтүк сатып алыш үчүн шаарга жөнөдү. Жол ортолоп барып калганда түлкүгө кезикти. Түлкү биринчи суроо ыргытты:

— Пан Мышык, сен кайда жөнөп калдың?

— Шаарга аялым менен өзүмө өтүк сатып алганы баратам, болбосо жылаңайлак жүргөнгө жер  муздак болуп кетти,- деди мышык.

— Жакын жерде менин Кашаба деген жакшы тааныш өтүкчүм бар, жүрү ошондон карап көрөбүз,- деди түлкү.

Ошентип түлкү аңкоо мышыкты алдап, ээрчитип чытырман токойго кирди.  Токойго тереңдеп киргенде түлкү дароо мышыкты кекиртектен алып, ызырынып турду:

— Өлтүрө электе акчаны чыгар.

— Аяп кой, Түкө. Өзүңө, аялыңа, балдарыңа шаарга  барып өтүк алып берейин. Бул жерден аман чыгарсаң эле болду.

Ушул эле жерден экөө келишип, шаардан чогуу-чаран өтүк сатып алганы жөнөштү. Шаарга барышты. Ага жакындаган сайын корко баштаган түлкүнү мышык көчөгө калтырып, өзү өтүк көргөнү кирип кетет. Түлкүнү болсо жакын жерде жашаган адамдар көрүп калышып, уруп-сабап куйругун жулуп салышат экен.

Ал адамдардын колунан эптеп бошонуп, токоюна зуу коёт. Мышык соодасын мыктап кылып, үйүнө кайткан жолдо Брыска аттуу дөбөттү коргонуу үчүн ээрчитип алат. Түлкү бүт үй-бүлөсүн, чоңоюп калган уулдарын ээрчитип мышыкты үзүлгөн куйругу  үчүн жазалап, өч алмакка жолун акмалап жүргөн болот.

Түлкүнүн жолго жакын жерде аңдып турганын көргөн мышык аны жанындагы Брыска дөбөткө көргөздү эле, тиги дөбөт түлкүнү аңдып барып баса калат. Буттары аксап, кулактары чулуйганча талады. Ошондон кийин мышыктар түлкү аттуулар менен жолдош болбой калышыптыр.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
Алия менен жылкы41
Акылдуу кыз жомок35
Кыска жана күлкүлүү жомоктор34
Акылдуу балдар30
Көмөч нан (колобок) жомок24
Нооруз жөнүндө жомок22
Кырк калп жомок21
Жылдын төрт мезгили жөнүндө болумуш20
Карышкыр менен эчки20
Карышкыр жана жети улак18

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *