Датасы: 21.08.2022
Формат: mp3

Кимде жок бүгүн каталык
Болгондур ал кез балалык
Алдандым кээде адаштым
Оңдоймун болсо амандык

Пайдалуу эгер болбосом
Зыяным элге тийбесин
Аракет кылам өмүрдө
Пайдамбы билсин билбесин

Кайырма:

Жараткан Алла ыраазымын
Таптым го сенден бакытын
Күнөөбүз болсо кечиргин
Унутчаак биздей жандардын
Мээримиң күчтүү энеден
Шүгүрлүк сага кыламын

Элиме кылам кызмат
Аллага коюп аманат
Сендеги сезим анда жок
Сабыр кыл сынбай адамзат
Бай болсоң эгер мактанба
Кедейлик келсе жашыба
Эмнелер келип кетпеген
Эх пенде сенин башыңа

Один комментарий к “Анжелика — Аллах тексти”

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *