Аббас аттуу кедей дыйкан бар экен. Күнү бою баш көтөрбөй, бел чечпей иштеген ал кичине эле бош убактысы боло калса бул ит турмуштан сууруп чыгуучу, жыргал жашоого жеткирүүчү казынаны кантип табам деп ойлоно берип, акырында кызыл-кызыл кыялдарга да батып кетет.

Абдан ысык аптаптуу күндөрдүн биринде ал кадимкисинче талаада иштеп жүрүп, бир кезде чарчаганда бактын көлөкөсүнө отуруп адатынча кыялдана кетти: “Эгер мага Кудай эмнеге колум тийсе ошону алтынга айланткан укмуштай бир улуу касиет берсе, мен мындай оор жумуш менен ит турмуштан арылып, жалаң жакшы жашоодо жыргап-куунап өтпөйт белем.

Оо Кудай, мага ошондой кереметти тартуула! – деп оозун жыйгыча төбөдөн үн угулду:

— Аббас, сенин азыркы суранычың Жараткан тарабынан орундалды. Ишенбесең азыр эле бир нерсеге колуңду тийгизсең, ал дароо алтынга айланат!

Аббас уккан кулагына ишенбей селейип туруп калды, коркуп да кетти. Анан саамдан кийин өзүнө келип, жан жагында жаткан кичинекей ташка колун тийгизгенде эле ал алтынга айланды да калды. Көргөн көзүнө ишенбеген Аббас дагы бир чоңурак ташка кол тийгизсе, ал дагы алтынга айланып кетти. Ошондо гана Кудай тилегин орундатканын билип, абдан катуу кубанды. Адатынча кыялга батты: “Азыр шаарга жөнөйм, жолумдан эң биринчи жолуккан, ошондо да өзүмө абдан жаккан хансарайды жерде жаткан ат башындай ташка колумду бир тийгизүү менен алтынга айлантып алмаштырып алам. Андан кийин көп жер сатып алып, дүйнөдө жок бакчага айлантам, анда жапайы жаныбарлар жайылып, падышалар сейилдешет. Мен өзүм болсо алтын жалдуу аргымактарды минип, айперидей кыздарга жуп болом…”

Ушул жакшы кыял эртерээк орундалыш үчүн ордунан дароо туруп, бирок капысынан эле чарчоону сезип, курсагы ачканын билип, өзөк жалгап алып жолго чыкмай болот, жан жагындагы баштыгынан нан алып чыгып оозуна салганда тиши катуу нерсеге урунуп, таңдайына темирдин даамы келгенде колу тийген нан да алтынга айланганын билди.  Буга дале ишенип ишенбей баштыгындагы пиязды колго ала бергенде ал дагы тоголок алтынга айланды. Колу тийгендин баары ушинтип алтынга айлана берсе эмне болорун ойлогондо коркуп кетти. Эми кантип нан жеп, суу иче алат? Кантип курсагын тойгузуп, суусунун кандырат? Эч кыйынчылыксыз колго келе берген жалаң алтындардын арасында кантип өмүр сүрөт? Минтип отурса, колу тийгендин баары алтынга айлана берсе, жума өтпөй ачкалыктан көз жумчудай.

Өзү алтындардын арасында өлүп баратканын көргөн ал бир маалда катуу чочуп көзүн ачса, бактын көлөкөсүндө жатыптыр. Уктап кеткенин, азыркы көргөндөрү түш экенин түшүнгөндө гана сүйүнүп кетти. Үстүнөн оор жүктү алып ыргыткандай жеңилдене үшкүрүп:

— Бул болгону бир түш экен, Кудайыма тобо, — деп күңкүлдөп жакасын кармай калды Аббас.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)81
Карышкыр менен эчки45
Алия менен жылкы44
Карышкыр жана жети улак37
Акылдуу балдар31
Акылдуу кыз жомок27
Кыска жана күлкүлүү жомоктор25
Нооруз жөнүндө жомок17
Акылдуу кыз16
Көмөч нан (колобок) жомок16

Нан жана алтын: 2 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *