НАН 2

Нан дасторкондон орун алганча кыйла жолду басып өттү, эчен түйшүктүү эмгекти талап кылды. Адамдар, адегенде,трактор менен жерди айдашып, үрөн себишти, малалашты. Жердин нымынан, суунун күчүнөн улам үрөн көй-
көлүп өсүп чыкты.

Жашыл сабактар бара-бара бой керип, баш алды. Буудайдан

мол түшүм алуу үчүн дыйкандар убагында жер семирткич-
тер менен азыктандырып, сугарып турушту. Андан соң бы-
шып жетилди. Ошентип, аларды адам ак эмгеги, маңдай

тери менен өстүрдү.
Жаз жарышын күз күрөшү улантты. Саргара бышкан
буудайдын бир да данын коромжуга учуратпай жыйнап

алуу мезгили келип, нан жыттанган талааларга комбайн-
дар, машиналар жыйым-теримге чыгышты. Көз жоосун

алып ыргалган буудайларды комбайндар күнү-түнү чаап-
оруп, жыйнап, данын бастырды. Басылган дан машиналар

менен кырманга жеткирилди. Тегирменге түшүп, ун тар-
тылды. Ундан жыты буркураган ар кандай нандар жаса-
лып, дасторконго коюлду.

Ошентип, нан дасторконго келип жеткиче адамдын бир
топ эмгегинен улам кыйла жолду басып өттү.
Ошондуктан, адамдын күч эмгегинен, маңдай теринен
жасалган асыл нанды урматтоо, ыгы жок ысырап кылбоо,
сарамжалдуу пайдалануу ‒ ар бир адамдын ыйык парзы,
анткени нан ‒ баарынан улук. Ансыз жашоо кыйын.

Бардык эле тамак-аш ‒ жашоо булагы. Бирок анын ичин-
де нан өзгөчө орунду ээлейт. Нандын бир күн жок болушун

көз алдыга элестетип көргүлөчү. Ошондуктан эл: «Нан ‒
баарынан улук», ‒ деп бекеринен айткан эмес.

Топ 10 популярдуу жомок

Ырдын атыLike саны
БУГУ ЭНЕ(«Ак кеме» повестинен үзүндү)99
Алия менен жылкы57
Карышкыр менен эчки43
Карышкыр жана жети улак34
Акылдуу балдар29
Көмөч нан (колобок) жомок28
ЖАЛКОО21
Коён менен кирпи20
Кыска жана күлкүлүү жомоктор20
Акылдуу кыз жомок18

НАН: 4 комментарий

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *