Датасы: 19.10.2020
Формат: mp3

Эмнегедир жаз айы кечиккенсийт жолунан,
Же чыкыроо атайын чыгарбайбы торунан.
Жерден кетпей тоңголок кыштын тону агарып,
Чымчык жарга корголоп чыркылдабайт таранып.
Кайырма:
Жазды күтөм сагынып,
Жазда жерден кар кетет.
Кызыл жолук салынып,
Кыз да гүл да жарк этет.
Эмнегедир жаз айы кечиккенсийт жолунан,
Же чыкыроо атайын чыгарбайбы торунан.
Кыш сүрүлсө челинип кара жамгыр туюлат,
Булак музу чегилип мукам үнү угулат.
Кайырма:
Жазды тосом ийилип,
Жерим кыштын кары.
Жашыл көйнөк кийинип,
Жаным келчи батырак.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *