Жазалбайм сага катымды
Чын сүйгөм бузбайм антымды
Түшүмдөн чочуп ойгонуп
Байкабай айтам атыңды
Элесиң көзгө ороймун
Эстээр деп мени болжоймун
Таң атса турар алдыда
Күн менен салам жолдоймун
Кеч кирсе уктар алдында
Ай менен салам жолдоймун
Сагынып салам жолдоймун!
Жаныңда бөлөк бөтөн бар
Турмушуң башка жарын ал
Кайчылаш биздин тагдырга
Мен эки дүйнө таарынам