НурЧолпон — Булбул тексти

Көчүрүү (скачать)

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Армандуу сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан

Кайырма:
Булбулум, булбулум, ай,
Буулуккан кургурум, ай.
Бул кечте үнүң баспай,
Буулуктуң неге мынча, ай,
Булбулум, булбулум, ай?

Жаңшайсың, жаш булбул, токтобогон,
Жашоодо жан жок, эй боздобогон.
Жашыймын көп эстеп ал күндөрдү,
Жаштыгым жаштыкка, эй, окшобогон.

Сайрашың өткөндү эске салып,
Санааркайм, ал күндөр четте калып.
Буулуккан булбулдай сени жоктойм,
Буйруксуз сүйүүмдү эстеп алып.

Кайырма:

Ар кечте, ар таңда боздоп сайрап,
Азгырып сезимди козгоп сайрап.
Бир булбул буулугуп келет күндө,
Биз жүрчү алма бакты болжоп сайрап.

Ал бакта адашып күүгүм калган,
Ар шакта алмадай сүйүүм калган.
Ал сүйүүм булбулга айланганбы?
Ашыгын издеген үрүл таңдан.

Кайырма:

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1628
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти257
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти146
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти141
Гульнур Сатылганова - Туулган жерди сагынуу тексти121
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти118
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти70

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.