Датасы: 23.01.2025
Формат: mp3

Көрө албастар көргөндөй айтат,

Көңүл бөлбөй көп жүргүн байкап.

Көксөбөдүм сенден башканы,

Көздөрүңдөн алгансың арбап.


Кайырма:

Мен өзүңдөн алыс чыкканда,

Ишенбечи ушак уксаң да.

Жаным, жаным, жаным, кызганба,

Жашоом бирге, жаным садага.


Азгырышат, ар кандай айтат,

Алыс жүргүн андайдан байкап.

Алмаштырбайм сени башкага,

Аппак сүйүүм — өчпөс махабат.


Кайырма:

Мен өзүңдөн алыс чыкканда,

Ишенбечи ушак уксаң да.

Гүлүм, гүлүм, гүлүм, кызганба,

Гүл сунбаймын башка кыздарга.

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *