Тоолорго неге ынакмын
Тоодо өскөн жаштык курактын
Аймалап жутсам ырахат ай
Анкыса жыты шымактын
Тоо тартат неге көп мени
Тоодо өскөн өмүр коктөмү
Жыттасам бойду сергитет ай
Жыпар жыт дары чөптөрү
Тоолорум мнеге азгырат
Тоолордо калган жакшы убак
Карагай арча жыттантып ай
Көңүлдү ачып мас кылат
Тоо беле менин энекем
Тоо элин баккан берекем
Байырлап калган башынан ай
Бактылуу кыргыз эл экен
Нурлан Малисов — Тоолорго неге ынакмын тексти
Датасы: 02.10.2021 Көрүүлөр: 68