Датасы: 28.08.2020
Формат: mp3

Көргөндө сени күлгөнүң жаккан
Өзүңсүң бактым мен издеп тапкан
Күн өтсө дейли жыл өтсө дейли
Жүрөктүн ээси жалгыз өзүң

Өзүң бар үчүн көңүл жай үчүн
Жашооңду курчайт тунук сезим
Убакыт учуп өмүр өзгөрөт
Кубаныч тартуулаган далай кез келет
Өзүңсүз бирок сезимсиз бирок
Баары бир бекер баары бир бекер
Бул күндөр өтөр жаңы күн келер
Жаным дайым болбосоң сен жанымда эгер
Байлыгың деле бийлигиң деле
Мен үчүн бекер баары бир бекер

Өзүңсүз өмүр күн өтүп жаткан
Чыккан күн кайра бат эле баткан
Жолуккан күнү алоолоп сүйүүп
Бакыттын нурун өзүндөн тапкам
Сезимдин гүлү ашыктык үнү
Жүрөктө гана жашап алган
Убакыт учуп өмүр өзгөрөт
Кубаныч тартуулаган далай кез келет
Өзүңсүз бирок сезимсиз бирок
Баары бир бекер баары бир бекер
Бул күндөр өтөр жаңы күн келер
Жаным дайым болбосоң сен жанымда эгер
Байлыгың деле бийлигиң деле
Мен үчүн бекер баары бир бекер

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт. Обязательные поля помечены *