Нурлан Насип & Асель Кадырбекова — Ак куу тексти

Көчүрүү (скачать)

Тагдырым экен таңдарды сенсиз атырдым,

Унутамын деп көңүлдө жанган отумду.

Жол карап күтүп жүргөндүрсүң сен ардагым,

Жүрөгүңө тумардай жазып атымды.

Жетейин десем жете албай,

Жүргөн жазыгым.

Сүйүүктүү элем периштедей ак элең,

Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым.

Толкуттуң мени эсиме түштүң термелип,

Асылым менин кадырың билдим мен сенин.

Кечирчи жаным кайрылбас кайра көктөмүм,

Кечирчи мени жоготкон өмүр өрнөгү.

Жетейин десем жете албай,

Жүргөн жазыгым.

Сүйүүктүү элем периштедей ак элең, ,

Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым.

Аккууң элем, ак мөлүң элем,

Ашыгым теңим, асылым менин.

Кыялым менин, сураарым менин,

Арманым, ардагым.

Жетейин десем жете албай,

Жүргөн жазыгым.

Сүйүүктүү элем периштедей ак элең,

Эңседим го кайда жүрсөң ашыгым, асылым.

💞

Нурлан Насип жана Асель Кадырбекова ак куу караоке

Топ 10 популярдуу ыр

Ырдын атыLike саны
Нурлан Насип - Эне тилде сүйлөйлү тексти1613
Бекжан Темирхан - Эзилип буттум тексти274
Султан Садыралиев - Адамга адам керек тексти190
Алмаз Шаадаев - Айрылып кеттин алыска тексти114
Сайкал Садыбакасова - Мугалим тексти95
Улан Осмон уулу - ДОКЕ тексти92
Нурлан Насип - Токтогулга кетесиңби тексти82
Султан Садыралиев - Күнөөмдү кечир, Алла тексти76
Кызсайкал Кабылова - Атыныз жашайт тексти68
Сыймык Бейшекеев - Таарынба тексти67

Сизге жактыбы? Комментарий жазыңыз

Сиздин email адрес жарыяланбайт.